Жаңылыктар

23.04.2024 08:09

   Кароолор: 110

ЖАЛАЛ-АБАД: МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Бүгүн таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, ыкчам чараларды көрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду.

21-22-23-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон чогулган сел суулары Комсомол айылынын Насосный тилкесиндеги туурак жайларды каптаган.

Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо жана ички жолдорду калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 23-апрелге караган түнү сел каптаган аймактарды жеринде көрдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу