Жаңылыктар

15.12.2024 20:29

   Кароолор: 272

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕПТЕН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 18:46да Тогуз-Торо райондук №46 ӨК-КБдөн 1-бөлүм, 19:55те 2-бөлүм тартылган.

Жеринде өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен кошо Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Д.Тайиралиев баштаган ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу