Жаңылыктар
23.05.2025 06:35
Кароолор: 355
ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕПТЕ ӨРТ ӨЧҮРҮЛҮП, ТИЛСИЗ ЖОО 1800 ЧАРЧЫ МЕТРДИ КУЧАГЫНА АЛГАН
23-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын жеке менчик мектебинен өрт чыккан.
Ири өрткө Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан 7 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа, 1 автошаты тартылып, ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилиги менен 80 өрт өчүрүүчү катышты.
Мектептен чыккан тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, жалпы аянты болжол менен 1800 ч.м. түзүп мектептин 3-кабаты өрттөнгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Учурда жеринде атайын комиссия курамы түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептери, материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда.
Аталган мектептин ишмердүүлүгү 2016-жылы башталып, 400дөн ашуун келечек муундарына билим берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР