Жаңылыктар

26.12.2023 14:22

   Кароолор: 319

ЖАЛАЛ-АБАД: МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА ЧЫҢДАЛУУДА

Жыл башында Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан куткаруучуга керектелүүчу шаймандарды сатып алуу максатында райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоор даярдалып, муктаждык жогору экенин белгиленген.

Долбоор жактырылып, райондук өнүктүрүү фонду каржылоосунун жардамында жалпы баасы 579 200 сомду түзгөн керектүү шаймандар сатылып алынып, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аталган куткаруу иштеринде пайдалануучу шаймандар кырсыктарды жоюу учурунда өздүк курамдын ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүүсүнө шарт түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу