Жаңылыктар

20.09.2023 11:44

   Кароолор: 551

Жалал-Абад: Кыш мезгилине болгон даярдыктын абалы текшерүүгө алынды

Бүгүн пландын негизинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жарандык коргонуу боюнча абалды, даярдыкты баалоо жүргүзүлдү.

Ага ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жана атайын башкармалык тарабынан түзүлгөн комиссия катышып, жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары жана билим берүү мекемелеринин кышка болгон даярдыгы текшерүүгө алынды.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө район аймагындагы ЖК кызматтарынын жана билим берүү мекемелери тарабынан кетирилген айрым кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу