Жаңылыктар
27.09.2024 15:32
Кароолор: 548
ЖАЛАЛ-АБАД: КЫРСЫКТЫН ТОБОКЕЛДИГИН БИРГЕЛИКТЕ АЗАЙТАБЫЗ
Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, ар кандай кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарын уюштуруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Мында ӨКМдин КжАКБнын башчысы, полковник Асан Сулайманов баштаган министрликтен түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү жана Жалал-Абад облусу боюнча Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, Жарандык коргонуу кызматтары жана күч-каражаттары тартылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тарабынан өрттү өчүрүү, жарандарды куткаруу жаңы берилген куткаруу автоунаалардагы шаймандардын жардамында аткарылуучу жумуштар тажрыйба жүзүндө көрсөтүлүп, ар кандай кырсыктан сактануу эрежелери айтылды.
Мындан сырткары белгиленген иш-чара концерттик программа менен коштолуп, келеген конокторго атайын концерт тартууланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР