Жаңылыктар
22.09.2023 15:18
Кароолор: 289
Жалал-Абад: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу сиздин колуңузда!
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө 4 мектептин окуучулары катышкан ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Келечек ээлерине ар түрдүү кырсык катталган учурда куткаруучулар пайдалануучу шаймандар тууралуу маалыматтар айтылып, ар түрдүү кырсыктан сак болуу эрежелери көрсөтүлдү.
Учурда Жалал-Абад облусунуда жайгашкан орто билим берүү мекемелеринде кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жумалыгы өтүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР