Жаңылыктар

23.07.2024 10:30

   Кароолор: 518

ЖАЛАЛ-АБАД: КЫЛКАНДУУ ДАН ЭГИНДЕРИН ЖЫЙНООДО ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, КР ӨКМне караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын инспекторлору жана Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы менен биргеликте район аймагындагы кылкандуу дан эгиндеринин оруп жыйноодо өрт кырсыгын алдын алуу максатында жер жерлерде түзүлгөн штабтардын ишмердүүлүгү жана техникалардын алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыздалышы көзөмөлгө алынды.

Ар бир айыл өкмөт башчыларына дан эгиндерин оруп жыйноодо көрсөтүлгөн эрежеге ылайык иш алып баруусу эскертилип, оор (Комбайн,тракторлор ж.б.) техника ээлерине атайын өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алгачкы өрт өчүрүүчу шаймандары менен камсыздалышы боюнча жеринде текшерууго алынды.

Текшерүү учурунда жергиликтүү бийлик жана айдоочулар тарабынан бир топ өрт коопсуздук эрежелердин сакталбагандыгы аныкталып, тез убакыт аралыгында жоюу талабы коюлду.

Мындан сырткары кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноодо өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги адистер тарабынан айтылып, эскертме нускамалар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу