Жаңылыктар
05.02.2025 14:37
Кароолор: 358
ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУУ АЙМАКТАРДАГЫ ЖАШООЧУЛАР КӨЧҮРҮЛӨТ
Жыл сайын жаз, жай мезгилдеринде жаан-чачын көп катталып, кардын эришинен пайда болгон суулар жердин жаракаларына толуп, жер көчкүлөр активдеше баштайт. Андыктан ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгына караштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү жүрө турган аймактарда жашаган тургундарды алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчаларын таркатып, түшүндүрүшүүдө.
Алсак, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү туругундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарыл экени эскертилди.
Бегилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү 1020 кооптуу тилке бар.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР