Жаңылыктар
17.05.2024 16:08
Кароолор: 488
ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУУ АЙМАКТАР ТЫКЫР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жумуш сапар менен келди.
Район аймагындагы кооптуулукту жоюу башкы орунда экени баса белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сунуштаган аймактарда жумуштар толук кандуу жүргүзүлөрү маалымдалды.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов облус аймагындагы пландуу жана пландан сырткаркы кооптуулук жараткан аймактарды жеринен көрүп чыгат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР