Жаңылыктар
07.05.2024 16:14
Кароолор: 509
ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАРГА ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ
Май айында күн ысып, тоолордогу карлардын эриши көбөйүп жана аба-ырайы жаанчыл болуусу, жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар аймактарда жер кыртышында жылышуу процесстери башталганы байкалууда.
Мындан улам кырдаалды алдын алуу үчүн облус аймагында пландан сырткары машыгуулар өткөрүлүүдө.
Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл район, шаарларында аталган машыгуу колго алынып, жергиликтүү көчүрүү комиссиясын тартуу менен практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Башкы максат ар түрдүү өзгөчө кырдаал катталган учурда Жарандык коргонуу кызматтарын күч каражаттарын даярдыкта кармап турууга багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР