Жаңылыктар

04.05.2024 09:54

   Кароолор: 145

ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУЛУК ЖАРАТКАН АЙМАКТАРДА ТИЕШЕЛҮҮ ЖУМУШТАР АТКАРЫЛУУДА

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жалал-Абад облусунун аймагындагы кооптуулук жараткан аймактардагы кырдаал менен жеринде таанышууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жеринде жооп берип, кооптуулук жараткан аймактардагы кырдаалды жоюу башкы максат экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 20-апрелден 30-апрелге чейин 30 сел кырсыгы катталып, натыйжада 708 турак үйдүн короолорун суу каптагандыгы аныкталган. 4 турак жай авариялык абалда келген.

Мындан сырткары Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыяларында жана Эски-Масы сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, калктуу конуштарга, айдоо жерлерге, ички чарбалык жолдорго кооптуулук жараткан.

Учурда аталган аймактарда райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү адистери жана министрликтин техникалары кооптуулукту жоюу иштерин алып барышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу