Жаңылыктар
17.11.2023 11:29
Кароолор: 272
ЖАЛАЛ-АБАД: КООМДУК ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙЛАРДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР УЛАНУУДА
КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрү Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте коомдук тамактануучу жайларда, кафе ресторандарда өрт-тактикалык машыгуулар уланууда.
Коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундун иш алып баруулары көзөмөлгө алынды.
Машыгуунун жүрүшүндө келип чыккан кемчиликтерди жоюу сунуштары ишкерлерге берилип, өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо керек экендиги белгиленди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР