Жаңылыктар

07.05.2024 18:46

   Кароолор: 105

ЖАЛАЛ-АБАД: КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНЫН ОҢ ЖЭЭГИ УБАКТЫЛУУ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүн аралап өткөн Көк-Арт дарыясында 2024-жылдын 16-18-апрель күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен суунун дээңгели көтөрүлүп, Сузак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын 19 үй-бүлөгө кооптулук жаралган.

Кооптуулукту жоюуга Көк-Арт дарыясынын нуугунун 120 метр аралыгын убактылуу буруу үчүн ӨКМден 1 оор инженердик техника тартылып, Көк-Арт дарыясынын нугунун 100 метр аралыгын буруп, 20 метр аралыгына сел пая куруп, темир бетондор менен бекемдөө жумуштары аткарылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы кооптуу аймактар Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу