Жаңылыктар
16.04.2024 17:38
Кароолор: 310
ЖАЛАЛ-АБАД: КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНДА СУУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛДҮ
15-16-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Көк-Арт дарыясында суунун денгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарына караштуу №10 дамбанын 150 метр аралыгын суу жеп, кооптуулук жараткан.
Учурда жеринде Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров жана Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылып, тиешелүү жумуштарды алып барышууда.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын 15 техникасы тартылып, суунун нугун буруу иштер жүрүүдө.
Тартылган техникалардын жардамында Көк-Арт дарыясынын сол жээгинин 50 метр аралыгы бекемделип кооптуулук жоюлган. Кеч киргенине байланыштуу саат 23:40та иш убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, облустагы кырдаалдар Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаевдин көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР