Жаңылыктар

30.05.2025 10:50

   Кароолор: 348

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕН КАЗУУЧУ АЙМАКТА ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак участкасында кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи Чаарат” ЖЧК алтын кен казуучу аймагында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун сценарийи боюнча аймакта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат жеткирилип, имараттын ичиндеги адамдар коопсуз жайга эвакуацияланды. Өрт тилкеси өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тарабынан курчоого алынып, өз убагында курчоого алуу аракети көрүлдү.

Машыгуудан соң өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тилсиз жоону болтурбоо, кырсык катталган учурда эң алгач көрүлө турган ыкчам аракеттер тууралуу маалыматтар айтылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу