Жаңылыктар

24.03.2025 19:00

   Кароолор: 280

ЖАЛАЛ-АБАД: КАТУУ ЖААНДАН УЛАМ АЙРЫМ АЙЫЛДАРДЫ СУУ КАПТООДО

Алдын ала маалымат боюнча Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу колоттогу карлар ээрип, арыктарга батпай, жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 ӨК-КБнөн 8 куткаруучу, №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, Каныш-Кыя айылынан 1 экскватор, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү туругундардан 53 адам тартылды.

Жеринде сел каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу