Жаңылыктар
27.05.2025 13:18
Кароолор: 222
ЖАЛАЛ-АБАД: КАРА-СУУДАН 64 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагынын Чат айылынын тургуну изделүүдө. Тагыраагы, А.Б аттуу аялдын кийимдери Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылып, өзү жок болгондугуна байланыштуу дарыя жээгинен издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 26-майда чыгышкан.
Жерине Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы капитан Нурболот Калганбек уулунун жетекчилиги менен издешкен.
Бүгүн, 27-май күнү кайрадан саат 06:00дөн тарта издөө уланууда. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, РИИБдөн, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, дрондун жардамында изделип жатат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР