Жаңылыктар

26.05.2024 15:21

   Кароолор: 902

ЖАЛАЛ-АБАД: КАРА-КАМЫШ АЙЫЛЫНДА 56 ҮЙДҮН КОРОО-ЖАЙЫ ТАЗАЛАНДЫ

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагындагы Кара-Камыш айылында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы саат 14.00дө толугу менен тазаланып бүттү.

Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, ошондой эле Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов сел түшкөн аймактарды жеринен көрүп, кооптулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды коюуда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу