Жаңылыктар

22.05.2024 15:43

   Кароолор: 531

ЖАЛАЛ-АБАД: КАРА-ДАРЫЯНЫН СУУСУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛГӨНДҮКТӨН, НУГУН БУРУУ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя дарыясына Кемпир-Абад суу сактагычынан суу коё берилгендигине байланыштуу агып жаткан суунун көлөмү көтөрүлүүдө.

Тагыраагы Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо 330-340 м3/сек. көлөмгө чейин көтөрүлүп, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы суунун нугун буруу үчүн убактылуу тосулган суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу тилкелеринин 110 гектардан ашуун күрүч, эгин аянттарын сел суулар алып, 200 жакын турак жайга кооптуулук жаралган.

Жаралган кооптуулукту эске алып, Сузак райондук Жарандык коргонуунун башчысынын орун басары М.Акматов ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жана райондук ЖК кызматтарынын катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.

Максаты Кара-Дарыя дарыясынын оң жээгин бекемдөөчү техникаларды тартуу, күйүүчү май менен камсыздоо, аска-таштарды жерине ташуу маселесин чечүү тапшырмалары берилди.

Учурда жерине ӨКМден жана ЖК кызматтарынан 18 техника тартылып, таш ташуу жана суунун нугун буруу иштери башталды.

Жалпы кооптуулукту жоюу иштери КР ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов тарабынан жеринде көзөмөлгө алынууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу