Жаңылыктар
23.05.2024 15:59
Кароолор: 730
ЖАЛАЛ-АБАД: КАРА-ДАРЫЯ ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн агып өткөн Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерге жана турак жайларга кооптуулук жараткан.
Аталган аймактагы кооптуулукту эске алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев чукул чараларды кабыл алып, дарыя нугун буруу максатында ӨКМден инженердик оор техникаларды тартууну тапшырмасын койгон. Бүгүн, 23-майда жеринде 20 оор инженердик техника тартылып, жумуш башталды. Тактап айтканда ӨКМден 12 техника, 8и Жарандык коргонуу тутумунун кызматтарына тиешелүү.
Кооптуулукту жоюу үчүн Барпы айыл өкмөтүнөн аска таштар түшүрүлүп, дарыянын Бостон жана Кундузчу тилкелеринин оң жээгине бекемдөө, дарыянын нугун буруу иштери жүрүүдө.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов бекемдөө, кооптуулукту жоюу иштерин көзөмөлгө алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР