Жаңылыктар

05.09.2024 12:09

   Кароолор: 767

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПАДАН ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

5-сентябрды караган түнү Жалал-Абад шаарынын Абдраманов көчөсүндө жайгашкан кападан ири өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 00:05те Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 00:16да 1, саат 00:32де бир жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана ыкчам топ тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен саат 01:20 тилсиз жоо чектөөгө алынып, эртең менен саат 08:42 толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянтты 3600 ч.м түзгөн. Кампанын 1800 ч.м чатыры жана 144 ч.м кампанын ичиндеги буюмдар күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

(сүрөт архивден)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу