Жаңылыктар
21.07.2024 03:00
Кароолор: 242
ЖАЛАЛ-АБАД: КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛАТ
Аксы районуна караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө саат 15:30 дар чамасында кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталып,
56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралып аталган турак жайдын жашоочулары коопсуз аймакка эвакуацияланган, 2 турак үйдүн ичине, 35 турак үйдүн короосуна, 1 турак үйдүн времянкасын сел суулар каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор сел суулардан жабыркаган.
Ошондой эле саат 15:30 чамасында катталган шамалдын кесепетинен 2 социалдык объекттинин жана 2 турак үйдүн чатырын шамал учуруп, 1 электр мамычасын кулатып, 35 турак үй электр жарыксыз калган.
Жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оор инженердик техникасын тартуу менен тоскоолдук жараткан жолдорду ички каналдарды калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, куткаруучулар тарабынан коро жайларды тазалоо жумуштары аткарылды.
Ири-Булун жана Кара-Суу айылында эвакуцияланган 56 үй-булө туруктуу ордуна кайтып келишти.
Ички чарбалык жолдорду жана кооптулук жараткан сел каналдарды калыбына келтирүү иш-чаралары 21-июль күнү улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР