Жаңылыктар

16.01.2025 09:15

   Кароолор: 528

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЗДӨӨ ИШИ УЛАНТЫЛУУДА

Таш-Көмүр шаарында дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаевдин жетекчилигинде 19 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жалпы 22 адам жана 1 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу