Жаңылыктар

10.01.2025 20:46

   Кароолор: 206

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ

46 жаштагы Таш-Көмүрдүк жаранды издөө иштерине кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 11-январда таң эрте улантылат.

Бүгүн издөө иштерине 54 адам, 4 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну М.Д. (1978-ж.т.) Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу