Жаңылыктар

18.04.2024 10:01

   Кароолор: 93

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЧКИ СЕЛ КАНАЛДАР ТАЗАЛАНУУДА

Бүгүн, 18-апрель күнү Тогуз-Торо районунда жайгашкан Чарабай сугат сел каналынын 1000 метр аралыгын тазалоо жумуштары башталды.

Аталган аймакты тазалоого жергиликтүү бийлик тарабынан оор техника бөлүнүп, күйүүчү май менен камсыздалып, жумуш жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Аталган сел канал тазаланса 60 кожолук сел кооптулугунан корголот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында жергиликтүү бийлик тарабынан 336 985 метр сел канал кол каражаттары жана техникалардын жардамында тазаланып, калктуу конуштар, айдоо жерлер, социалдык объектилер жана ички чарбалык жолдор сел кооптуулугунан корголууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу