Жаңылыктар

16.04.2024 15:36

   Кароолор: 88

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛДОРДУ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮҮДӨ

15-16-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам Базар-Коргон районунда жайгашкан Жаңы -Акман каналындагы ички чарбалык көпүрөгө кооптуулук жаралган, жерине 1 оор техника тартылып калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Базар-Коргон Арстанбап авто жолунун 18-36-чакырымдарына сел суулар түшүп, унаалар өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.

Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын тартылып калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында кырдаал туруктуу сел суулар кирген турак жайлардын короолорун тазалоо жумуштары аяктап, тактоо иштери улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу