Жаңылыктар
11.05.2024 16:18
Кароолор: 291
ЖАЛАЛ-АБАД: ЭСКИ-МАСЫ САЙЫНА ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН КУРУЛУШТАР БУЗУЛАТ
Жаз айларында жаан-чачын тынымсыз жаагандан улам Ноокен районуна караштуу Эски-Масы сайынын ичиндеги тосмонун түбүн суу жеп, сайдын нугунун 400 метр аралыгын жана 3 метрге чейин тереңдеп, жергиликтүү тургундардын турак жайларына, ички чарбалык жолдорго, сайдын оң, сол жээгинде курулган соода түйүндөргө, тамактануучу жайларга, кооптуулук жаралып, башка аймакка көчүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги аныкталган.
Аталган сайда соода-сатык менен алектенгендердин жеңил имараттары адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн сунушун эске алуу менен жергиликтүү бийлик тарабынан бузулат.
Кыргыз Республикасынын “Сууну коргоочу зоналар жана суу обьекттеги тилкелери жөнүндөгү 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомунда” адам өмүрүнүн коопсуздугун коргоо максатында суу жээктеринин 75 метр аралыгына имарат курулуштарын курбоо тууралуу ачык жана так жазылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР