Жаңылыктар
12.08.2024 15:54
Кароолор: 338
ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛДИН КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖЕРИНДЕ ЧЕЧИЛҮҮДӨ
Бүгүн Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
Бакыт Төрөбаев баштаган министрликтердин өкүлдөрү, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров район, шаардын эли менен жолугушту.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир топ суроо жана сунуштар берилип, өз убагында аталган аймактарда "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде жумуштар аткарылуусу маалымдалып, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ар түркүн жумуштар жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Мындан сырткары райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайын жарандарды кабыл алуу боюнча ыкчам жолугушуу жайы уюштурулуп, айрым көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү аракеттери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР