Жаңылыктар
30.08.2024 11:54
Кароолор: 410
ЖАЛАЛ-АБАД: ДАРЫЯГА АГЫП КЕТТИ ДЕЛГЕН ИШКЕРЛЕРДИН БИРӨӨСҮНҮН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ
17-август күнү Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел тилексинде Чаткал дарыясына автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кетти деген маалымат түшкөн.
Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор А.Сулаймановтун жетекчилигинде куткаруучулар тартылып,
издөө иштеринин 13-күнү Беш-Арал коргунун Найза тилкесине бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылып, Чаткал РИИБнүн кызматкелери тарабынан өздүгү такталып, 1998.ж Р.А аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Издөө иштери убактылуу токтотулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР