Жаңылыктар

20.07.2024 17:25

   Кароолор: 239

ЖАЛАЛ-АБАД: ДАРЫЯДА СУУНУН ДЭЭҢГЕЛИ КӨТӨРҮЛҮП, ЖАРАНДАР КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУЦИЯЛАНУУДА

Бүгүн, саат 15:30 дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш а/а кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 турак үйлөргө суу каптоо коркунучун жараткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Жарандык коргоо кызматтары тартылып Ири-Булун жана Кара-Суу айылында жайгашкан 56 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын оор инженердик техникасы тартуу менен дарыядагы топтолгон суунун ачуу аракеттерин көрүшүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу