Жаңылыктар

05.08.2024 17:16

   Кароолор: 343

ЖАЛАЛ-АБАД: ЧАНГЕТ-САЙ ДАРЫЯСЫ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылын аралап өткөн Чангет-Сай дарыясынын оң жээгинин 236 метр аралыгы аска таш менен бекемдөө иштери жүрүүдө.

Ал үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 2022-жылы долбоор даярдалып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунушталып, 2023-жылы 300 метр, 2024-жылы 236 метр аралыгын бекемдөө планына киргизилип, тийиштүү акча каражаттары бөлүнгөн.

Аталган аймакта бекемдөө иштери 100% га бүткөрүлөсө 58 турак жай жана 40 гектардан ашуун айдоо жери, ички чарбалык жолдор сел кооптулугунан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу