Жаңылыктар
23.06.2024 15:56
Кароолор: 342
ЖАЛАЛ-АБАД: БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
23-июнь күнү Бишкек – Ош унаа жолунун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таштар кулап жолду эки тараптуу жаап калган.
Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кар-Көл шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы капитан А.Чаргынов баштаган ыкчам топ, жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жолду ачуу .
аракети көрүлүүдө.
Жеринде 10 куткаруучу, ЖК кызматтарынан 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.
Кара-Көл шаардык ЖККБнан 3 экипаж тартылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Мындан улам ӨКМ жарандарды 23-24-июнь күндөрү Бишкек – Ош унаа жолуна чыкпай турууну эскертебиз.
Жолду тазалоо боюнча кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР