Жаңылыктар
23.07.2024 19:59
Кароолор: 431
ЖАЛАЛ-АБАД: БАЗАР-КОРГОНДУН АРСТАНБАП АЙЫЛЫНА КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ ЧЫГЫП КЕТТИ
Бүгүн, 23-июлда ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук ӨК бөлүмдөрүнүн өздүк курамына “Айгай” жарыяланды.
Алдын ала маалымат боюнча Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлогөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.
Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Мындан сырткары Арстан-Бап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров жөнөп кетти.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР