Жаңылыктар
13.03.2025 12:13
Кароолор: 107
ЖАЛАЛ-АБАД: АТАЙЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Кара-Дарыяда “Пионер лагерь” участогунун 180 метр аралыгына сел тосмо куруулуда. Ал үчүн республикалык бюжеттен 21 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда КР ӨКМге караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынан даярдалган долбоордун алкагында жумуштун дээрлик 30 пайызы бүткөрүлдү.
Мындан сырткары, "Атайын алдын алуу жана кесепетерин жоюу" иш-чарасынын алкагында Кара-Дарыянын Бостон, Алашан жана Аэропорт тиркелеринде дарыянын нугун буруу иштери жүрүүдө.
Ал үчүн КР ӨКМнен бир техникалык каражат бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан күйүүчү май менен камсыздалды. Аталган аймакта 3000 метр аралыгын казуу иштери жүрүп жатат.
Аталган жумуш жыйынтыкталса, 200 га айдоо жер аянты жана 80 ге жакын турак жай сел кооптуулугунан корголот.