Жаңылыктар
24.07.2024 10:50
Кароолор: 330
ЖАЛАЛ-АБАД: АРСТАНБАП-АТАДА 269 АДАМ ИШТЕП ЖАТАТ
Саат 10:30га карата маалымат:
Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылында ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде 90 куткаруучу, Жаранддык коргонуу кызматтарынан жалпы 114 кызматкер тартылды.
Ошондой эле жергиликтүү тургундардан 65, жалпысынан 269 кызматкер, Жарандык коргонуу кызматтарынан 14 техника, 13 адистештирилген техника, 7 мотопомпа иштеп жатат.
Бактыга жараша селден жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР