Жаңылыктар

30.10.2024 15:25

   Кароолор: 349

ЖАЛАЛ-АБАД: АЛА-БУКАДА КУТКАРУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ ШАЙМАНДАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө аким Руслан Айтбаев райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен жалпы суммасы 681 500 сомго алынган куткаруу жумуштарында пайдалануучу шаймандарын тапшырды.

Ала-Бука районундагы суу сактагыч, көлдөрдү эске алуу менен куткаруучу моторлуу кайык, альпинисттик шаймандар, сел сууларын сордуруучу мотопомпа, генератор жана башка ар кандай куткаруучу каражаттар тапшырылды.

Алынган шаймандар өзгөчө кырдаал катталган учурда куткаруучуларга ыңгайлуу шарт түзүп, ыкчам аракеттерди көрүүгө шарт түзөт.

Район акими өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык базасын көрүп, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бөлүмдүн кызматкерлери менен пикир алмашып, алардын жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу