Жаңылыктар
30.04.2024 13:45
Кароолор: 1199
ЖАЛАЛ-АБАД: АЛА-БУКА ДАРЫЯСЫНЫН 700 МЕТР ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛДИ
КР ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчеминин негизинде Ала-Бука районунун Ала-Бука дарыясынын нугун тереңдетүү жана жээгинин 700 метр аралыгын бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
Аталган аймактагы кооптуулукту жоюу үчүн жыл башында министрликке сунушталып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 оор инженердик техника бөлүнүп, күйүүчү май менен камсыздалган.
Аткарылган жумуштардын натыйжасында Сапалак-Сай айылындагы 87 турак үй, 950 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан толугу менен корголду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР