Жаңылыктар

19.05.2024 22:53

   Кароолор: 404

ЖАЛАЛ-АБАД: АЙМАКТАРДА АБАЛ ТУРУКТУУ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов бүгүн өзгөчө кырдаалдар көп катталган Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондорундагы кырдаал менен таанышып, атайын алдын алуу багытында жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган объектилерди жеринен көрдү.

Ар бир райондо болгон жолугушууда министрдин орун басары өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу кооптуу участкаларды жеринде көрүп, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевге бериле турган сунуштар боюнча толук маалымат жеткирди.

Мындан сырткары,

18-май күнү саат 14:00 дөр чамасында катуу жааган жаандан жабыр тарткан Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү аймактарды кыдырып, кырдаалды жөнгө салуу жаатында аткарылып жаткан жумуштардан кабар алды. Мындай табигый кырсыктардын алдын алуу жана даярдыкты камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө тапшырмасын койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу