Жаңылыктар
29.05.2025 12:50
Кароолор: 174
ЖАЛАЛ-АБАД: 65 ЖАШТАГЫ ДАЙЫНСЫЗ АЯЛ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында кечээ, 28-май күнү саат 19:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы аял изделүүдө.
Тагыраагы, Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүнүн тургуну 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши үйүнөн чыгып, ошол бойдон кайтып келбей жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бүгүн, 29-май күнү издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 2 дрон, ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтуу тургундардан 20 адам, жалпы 39 адам тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР