Жаңылыктар

13.05.2025 17:59

   Кароолор: 152

ЖАЛАЛ-АБАД: 11 КУТКАРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯСЫ АРКЫЛУУ БАТИРЛҮҮ БОЛУШТУ

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 11 кызматкери мамлекеттик ипотекалык компаниясы аркылуу жаңы коңуштуу болушту.

Сузак районунда курулган үйлөрдүн ачкычтарын Президент Садыр Жапаров тапшырып, батир ээлерине куттуктоо сөздөрүн жана каалоо-тилектерин билдирип өттү.

Турак жай алгандардын басымдуусу көп балалуулар жана көп жыл иштегендер.

Учурда башкармалыктын 82 кызматкери үй алууга кезекте турат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу