Жаңылыктар

20.11.2023 09:13

   Кароолор: 271

ЖАЙЫЛ РАЙОНУНУН СТЕПНОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА КОМЛЕКСТҮҮ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук бөлүмү Степной айыл аймагы менен чогуу Жарандык коргонуу боюнча комплекстүү машыгуу уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө күч-каражаттар түзүмдөрүнүн даярдыгы жана иш-кагаздары текшерилип, атайы сабактар өткөрүлдү.

Машыгуунун негизги максаты - өзгөчө кырдаалдар учурундагы калкты жана аймактарды коргоо жаатында айылдык жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу.

Соңунда өздүк коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча нускама өтүлүп, практикалык жактан колдонуу үйрөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу