Жаңылыктар
23.05.2025 10:56
Кароолор: 340
ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА БАЛЫК УУЛООГО ЧЫГЫП, ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы жаранды издөө ишине бүгүн, 23-майда ӨКМдин Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Кошумча Нарын облусунун Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, №44 ӨКБдан 3 куткаруучу, жалпы 17 куткаруучу чыкты.
Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР