Жаңылыктар

04.12.2024 15:23

   Кароолор: 530

ЖАЙЛООГО КЕТИП ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылды.

Буга чейин маалым болгондой, жайлоодо сарайда турган досуна кеткен бойдон өзү дайынсыз болуп, аты кайтып келгени тууралуу маалымат 1-декабрь күнү 102 кызматына түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ тарабынан 2-декабрда билдирилип, ошол убакыттан бери издөө улантылып келген.

Бүгүн 4 куткаруучу, 50 ИИМ кызматкери жана 40 жергиликтүү тургун, жалпы 94 адам тартылып, саат 13:30да изделип жаткан жарандын денеси Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу