Жаңылыктар

12.07.2024 12:00

   Кароолор: 715

ЖААНЧЫЛ КҮНДӨРҮ УНАА ЖОЛДОРУНА СЕЛ ЖҮРҮШҮ ЖАНА ТАШ КУЛООСУ МҮМКҮН

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ

ЖААНЧЫЛ КҮНДӨРҮ УНАА ЖОЛДОРУНА СЕЛ ЖҮРҮШҮ ЖАНА ТАШ КУЛООСУ МҮМКҮН

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүндөгү 13-17-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти божомолун билдирет.

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдеши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;

- Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу