Жаңылыктар

23.07.2024 21:00

   Кароолор: 501

ЗАР-КОРГОН: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 77 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ

Саат 20:50гө карата алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу