Жаңылыктар

18.09.2026 13:58

   Кароолор: 71

«ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН ТОБОКЕЛДИКТЕРИН ИНКЛЮЗИВДҮҮ БАШКАРУУ» КУРСУ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

«Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фонду» коомдук фонду (ФРСУ) БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүктү күчөтүү» долбоору менен биргелешкен демилгенин алкагында «Өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин инклюзивдүү башкаруу» аттуу онлайн-курсту иштеп чыкты.

Окуу программасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Курс алдыңкы эксперттердин катышуусунда иштелип чыгып, лекциялык материалдарды, видеороликтерди жана билимди текшерүү, ошондой эле сертификат алуу мүмкүнчүлүгүн берген жыйынтыктоочу сурамжылоону камтыйт.

Курстун негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана калктын башка аз кыймылдуу топторунун өзгөчө муктаждыктарын эске алууну камсыз кылуу.

Буга чейин программанын алкагында КР ӨКМнин кызматкерлери үчүн инклюзивдүү жооп кайтаруу маселелери боюнча практикалык тренинг ийгиликтүү өткөрүлгөн. Онлайн-курстун ишке киргизилиши министрликтин кызматкерлерине окуудан үзгүлтүксүз өтүүгө жана билимдерин ыңгайлуу санариптик форматта жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуудан өтүп, курстун материалдары менен таанышуу үчүн шилтемеге өтүңүз:

https://mes-training.vercel.app/ 

«ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ТОБОКЕЛДИКТЕРИН ИНКЛЮЗИВ БАШКАРУУ» ОКУТУУ КУРСУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу