Жаңылыктар

27.12.2024 10:41

   Кароолор: 524

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР МАЙРАМ АЛДЫНДА ӨРТТӨН САК БОЛУУНУ ЭСКЕРТҮҮДӨ

Ысык-Көл облусунда Жаңы жылдык майрамдарды уюштурууда өрт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары кооздолгон өрт өчүрүүчү унаалардын коштоосунда базарларда, коомдук жайларда жана борбордук көчөлөрдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана пиротехникалык каражаттарды колдонууда этият болуу тууралуу элге массалык түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сабактар улантылып жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу