Жаңылыктар

01.02.2024 17:27

   Кароолор: 409

ЫСЫК-КӨЛГӨ КУБАТТУУ МОТОПОМПАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

1-февраль күнү Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнө Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абдыкадыров куткаруучуларга кубаттуу мотопомпаларды тапшырды.

Сел, суу ташкындарында куткаруучуларга эң керектүү болгон 2 мотопомпа Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 3 млн 467 миң сомго алынган.

29 аттын күчүнө барабар болгон мотопомпалар секундасына 150 литр сууну сордоруу кубаттуулугуна ээ. Ошондой эле сел ташкындарында кум, ылай аралашкан сууларды сордурууга мүнкүнчүлүк берип, келечекте өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу