Жаңылыктар
25.01.2024 18:45
Кароолор: 508
ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИНДЕ ЖОГОЛГОН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Үстубуздөгү жылдын 24-январь күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде 22 жаштагы Т.Э аттуу жигитке таандык буюмдар табылгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу, курамында 3 суучулу менен, ИИБден 5 кызматкер тартылып, суу алдында издөө иштерин жүргүзүштү
Бүгүн кайрадан ӨКМдин 21 куткаруучусу, ИИБнин 19 кызматкери, Кум-Бел айыл өкмөтүнөн 5 адам 6 топко бөлүнүп, көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүүдө.
Издөө ишинин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР